Аудио, Видео, ДОЛБООРЛОР, Драма, Жаңылыктар, Жарыялар, Карасөз, Котормо, Маектер, Мультимедиа, Подкасттар, Поэзия, Публицистика, Сын, Фото, Чыгармалар

Александр КУПРИН: “ДЕМИР-КАЯ”

(чыгыш уламышы) Үлп эткен жел жок. Биз бүгүн жээкке жетпей деңизде кала турган болдук окшойт. Жээкке чейин дагы отуз чакырымдай аралык бар. Эки мачталуу кичинекей кемебиз эки капталына чайпалып бир орунда жылбай турат. Мачтада суу болгон парустар шалбырайт. Айланабызды бозоргон туман жылчыксыз каптап, асман да, жылдыздар да, деңиз да көрүнбөйт. От жакпай караңгынын кучагында отурабыз. […]