Кыргыз турмушунун «Күмүш кемери»
(Жазуучу Рахат Аманованын аңгемелер жыйнагындагы этнографиялык жана психологиялык өңүттөрдүн айкалышы) Акыркы жылдары кыргыз аудиториясына окурманды оңой тарта турган детектив, эротика, саясий жана диний мотивдер сыяктуу чыгармалар каныккан эритмедей ашыгы менен сиңип бүткөнү жашыруун эмес. Эми бир эсе элдин өз кыртышына жакын, бир эсе чыныгы адамдык болмуштун миң түрдүү оош-кыйышын чагылдырган тереңирээк көркөм өнүмдүн зарылдыгы бышып жетилгенине көп […]